Logo

Мектеп жана бала бакча педагогдорун колдоо үчүн
«Билим Булак» долбоору

    Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлерини кесиптик бирлигинин Борбордук комитети, «Билгирим академиясы» менен биргеликте иш алып баруу максатында келишим түзүлдү

    «Билгирим академиясы» тууралуу кыскача маалымат:

    Академия 2022-жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенген педагогдорго психологиялык колдоо көрсөтүп келет. Бул багытта узак жана кыска мөөнөттүү, акы төлөнүүчү жана акысыз сабактарды уюштуруп өткөрүп келет.

    Академиянын негизги максаты — мугалимдерге профессионалдуу психологиялык колдоо көрсөтүү аркылуу окуучулар жана ата-энелер менен болгон мамилени жеңилдетүү.

    Кесиптик бирликтер комитети «Билгирим академиясы» менен биргеликте 2026-жылга пилоттук долбоор катары 5 этаптан турган иш-планды ишке ашыруу астында турат. Келишим түзүлгөн долбоорлордун биринчиси

    Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлерини кесиптик бирлигинин Борбордук комитети, «Билгирим академиясы» билим берүү тармагында эмгектенген эжеке-агайлардын менталдык ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгилеп, мугалимдерге тиешелүү бир катар олуттуу маселелерди көтөргөн. Республика боюнча мугалимдердин ички чарчоосун (эмоционалдык күйүп кетүүнү) аныктоо максатында онлайн психологиялык тестирлөө жүргүзүлөөрүн билдиребиз.

    Өтүү тартиби:

    Педагогдор үчүн психологиялык тестирлөө акысыз жеткиликтүү.

    Intro

    Тесттен өтүү үчүн
    4 жөнөкөй кадам

    1

    Катталуу
    Катталуу

    Телефон номериңиз аркылуу катталыңыз.

    2

    Тест тапшыруу
    Тест тапшыруу

    Өзүңүздүн эмоционалдык абалыңызды аныктоо үчүн атайын даярдалган суроолорго жооп бересиз.

    3

    Жыйынтык алуу
    Жыйынтык алуу

    Система жоопторуңузду автоматтык түрдө эсептеп, жыйынтыгын көрсөтөт.

    4

    Жеке сунуштама
    Жеке сунуштама

    Сиздин жыйынтыгыңызга жараша пайдалуу видео курстар жана сунуштар ачылат.


    © 2026 Билим Булак. Бардык укуктар корголгон.

    ;